18:24
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Дүйнө чемпионаты- 2026: Кыргызстандык тайбоксчулар 12 медаль жеңди

Кыргызстандын тайбокс боюнча жаштар жана өспүрүмдөр курама командасы Дүйнө чемпиондугунда 12 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, турнир 10—20-март күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өткөн. Анда кыргызстандыктар 6 алтын, 2 күмүш жана 4 коло байге утушкан.

Алтын медаль ээлери:

Вероника Ахматова (54кг чейин);

Диана Зайнитдинова (57 кг чейин);

Нурдоолот Борубеков (63кг чейин);

Роберт Пак (67кг чейин);

Богдан Прошин (75кг чейин);

Элдар Ешбаев (81 кг чейин).

Күмүш медаль ээлери:

Эркаим Айбекова (60кг чейин);

Адис Мирболотов (63кг чейин).

Коло медаль ээлери:

Мекин Асаналиев (57кг чейин);

Алихан Закиров (67кг чейин);

Рашид Магомедов (71кг чейин);

Раул Рахатбек (71кг чейин).

Эң көп окулган жаңылыктар