14:02
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Бишкектеги Токомбаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте 21-март күнү саат 19:00дөн тартып 22-март саат 06:00гө чейин Аалы Токомбаев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул мезгилде эстакадалык өтмөктүн металл конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Мэрия убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамды алдын ала пландап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар