УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан сурак берип жатат. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев эки кылмыш иши боюнча күбө катары тергөөгө чакырылган. Ал тергөөчү жана адвокаты менен жолугушкан.
Башка маалымат берилген жок. Азырынча ИИМ расмий маалымат бере элек.
Эске салсак, Ташиев кызматтан кеткенден кийин, тагыраагы 17-февралда Кыргызстандан чыгып кеткен.

