Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУда Эл аралык исламофобияга каршы күрөшүү күнүнө арналган жогорку деңгээлдеги иш-чарада сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал өз сөзүндө Кыргызстан исламий маданий мурастар плюрализм жана дин тутуу эркиндиги принциптери менен айкалышкан светтик, көп улуттуу жана көп конфессиялуу мамлекет экенин белгиледи.
Анын айтымында, эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөдө диний турмуш жанданганы байкалууда, ал эми мамлекет бул процесстин коомдук ынтымакты чыңдоого салым кошуусуна өзгөчө көңүл буруп келет.
Ал белгилегендей, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өкмөт диндер аралык диалогду, сабырдуулукту жана маданий жана диний көп түрдүүлүктү сыйлоо саясатын ырааттуу түрдө жайылтып келет.
«Биз үчүн исламофобияга каршы күрөш диний жек көрүүнүн бардык түрлөрүнө каршы күрөш менен ажырагыс байланышта. Мусулмандарды басмырлоого эч качан жол берилбеши керек. Ошол эле учурда, христиандарга, иудейлерге жана башка диндин же ишенимдин жолдоочуларына карата да басмырлоого бирдей жол берилбейт. Бүгүнкү күндө биздин милдетибиз жөн гана бири-бирибизге сабырдуулукту жана ар түрдүүлүктү көрсөтүү эмес, биздин ар түрдүүлүктүн байлыгын кабыл алуу жана баалоо», — деп белгиледи минкаб төрагасынын орун басары.
Эдил Байсалов ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга токтолуп, президент Садыр Жапаровдун өзгөчө Рамазан айында аймактагы кырдаалдын курчушуна терең тынчсызданганын билдирди.
Кыргызстан бардык тараптарды максималдуу сабырдуулукка, согуштук аракеттерди токтотууга жана БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун эрежелерине ылайык конструктивдүү диалогду кайра баштоого чакырат.

