Президент Садыр Жапаров Гана Республикасынын тышкы иштер министри Сэмуэль Аблакваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча тараптардын аракеттенүүлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды.
Мамлекет башчысы өлкөлөрдүн географиялык жактан алыс жайгашканына карабастан, Кыргызстан Гана менен эки жактуу жана көп тараптуу форматта кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.
Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстан Африка биримдигинде байкоочу макамын алганына көңүл бурду. Бул уюмдун алкагында, анын ичинде Гананын 2027-жылдагы төрагалыгынын мезгилинде кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Гананын тышкы иштер министри Сэмуэль Аблаква өз кезегинде Садыр Жапаровго Гананын президенти Жон Драмани Махаманын жылуу саламын айтып, Гананын көз карандысыздыгынын 70 жылдыгына жана Африка биримдигине төрагалык кылуусуна байланыштуу келерки жылы өлкөгө келип кетүүгө чакыруусун жеткирди.
Сэмуэль Аблаква Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанисин жогору баалап, айрыкча коррупцияга каршы күрөшүү жана улуттук кызыкчылыктарды коргоо багытындагы аракеттерди, анын ичинде «Кумтөр» маселесин белгиледи. Ошондой эле курулуш, санариптештирүү, туризм жана агроөнөр жай комплекси эки өлкөнүн кызматташтыгы үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин айтты.
Соңунда президент Садыр Жапаров менен Гананын тышкы иштер министри Сэмуэль Аблаква бул сапар өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана ишкердик мамилелерди чыңдоодо жаңы барак ачарына ишеним билдиришти.

