Бүгүн, 10-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу республиканын айрым ашууларында оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.
Азыркы учурда жол тейлөө кызматтары тарабынан кар тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жана жол коопсуздугун камсыз кылуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 10-мартынан 15-мартына аба ырайы туруксуз болуп Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Мекеме айдоочулардан аба ырайынын шарттарын эске алып, алыскы сапарга чыгууну алдын ала пландап, унаалардын техникалык абалын текшерип, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөт.

