06:34
USD 87.45
EUR 100.28
RUB 1.08

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда кар көчкү түштү. Жол жабылды

Бүгүн, 6-мартта саат 10:56 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 198-чакырымына кар көчкү түштү. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Учурда жолдо бир тараптуу каттам бар, жол кыймылы көзөмөлгө алынган.

Жеринде № 24 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалар менен карды тазалоо жана жолду толук ачуу иштерин жүргүзүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар