Бүгүн, 6-март саат 09:30 карата республиканын негизги ашууларында жана унаа жолдордо жол кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусуна оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген чектөө бүгүн, саат 7:30 алынды.
Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, учурда каттам бар. Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк жана Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
2026-жылдын 5-мартынан 10- мартына чейин туруксуз аба-ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Мындан улам аталган жолдор аркылуу сапарга чыгууда унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.

