Ош облусунун Өзгөн районунда өрт чыгып, төрт бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзгөндүн Мырза-Аке айылында турак үйдөн чыккан өрттөн 7, 5, 4 жаштагы балдар жана 2 жаштагы кыз чарчап калды.
Каргашалуу кырсык бүгүн, 5-мартка караган түнү болгон. Саат 2:00дө өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Кошумча дагы 1 бөлүм саат 2:24тө тартылып, тилсиз жоо саат 3:50дө өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда жана тиешелүү кызматтар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

