09:12
USD 87.45
EUR 101.43
RUB 1.13

Дүйнө Чемпионаты-2026: Неймар Бразилия курама командасына кайтып келиши мүмкүн

Фото Интернеттен алынды. Неймар

Атактуу чабуулчу Неймар Франция жана Хорватияга каршы алдыдагы беттештерге Бразилиянын курама командасына чакырылышы мүмкүн. Бул тууралуу Brasil Football басылмасы жазганын спорт басылмалары жазып чыкты.

Бразилия курама командасынын башкы машыктыруучусу Карло Анчелотти Неймарды алдыдагы беттештерге улуттук курама командага чакырууну карап жатат. Машыктыруучулар штабы акыркы курамды жарыялоодон мурун оюнчунун физикалык абалын көзөмөлдөп жатканы кабарланууда.

Соңку маалыматтарга ылайык, Неймар өзүнүн дене тарбиясын көрсөтө турган эки беттеши калды. Улуттук курама команданын тизмеси боюнча акыркы чечим 16-мартка белгиленген.

Эске салсак, Неймар Бразилиянын улуттук курама командасынын тарыхындагы эң көп оюн көрсөткөн оюнчу болуп саналат. Ал улуттук курама команда үчүн 128 беттеш өткөрүп, 79 гол киргизип, 59 голдук пас берген.

Эң көп окулган жаңылыктар