Ирандын жаңы Жогорку лидери болуп каза болгон аятолла Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи дайындалды. Бул тууралуу Iran International маалымат агенттиги билдирди.
Ирандын Эксперттер Ассамблеясы каза болгон Али Хаменеинин уулу 56 жаштагы Можтаба Хаменеини Жогорку лидер кылып шайлаганы кабарланган.
Можтаба Хоссейни Хаменеи 1969-жылы 8-сентябрда шииттер үчүн эң ыйык шаарлардын бири болгон Мешхедде төрөлгөн. Ал Али Хаменеинин экинчи баласы. Ал теологияны окуган. 1999-жылы ал Кумдагы диний борбордо окуп, дин кызматкери болуп, семинарияда теологиядан сабак берген. 2004-жылы ал Ирандын Межлисинин (Парламентинин) төрагасы Голам-Али Аделдин кызына үйлөнгөн.
Ал Ирандын алтынчы президенти Махмуд Ахмадинежаддын (2005–2013) колдоочусу болгон, анын тушунда өлкө айрым либералдык реформаларды артка жылдырып, Ирандын өзөктүк программасынын өнүгүшүн тездеткен.
Ал 2005 жана 2009-жылдардагы шайлоолордо Махмуд Ахмадинежадды колдогон.
Эксперттер Можтаба Хаменеини президенттик шайлоонун жыйынтыктары жарыялангандан кийин башталган 2009-жылдын июнь айындагы өкмөткө каршы нааразылык акцияларын басууну уюштурууда негизги фигура деп аташкан.

