Оштогу эски Келечек базарын көчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, базардын соодагерлерин көчүрүү иштерине мэриянын алдындагы бардык тиешелүү кызматтар тарабынан комплекстүү жумуш алып барылууда.
Эске салсак, күн мурун эски «Келечек» базары жабылып, соодагерлерди көчүрүү иштери башталган. Ишкерлер мурда соода түйүндөрүн көчүрүүгө каршы болушкан. Алар шаар бийлиги ижарачылардын пикирин эске албай, бир тараптуу чечим кабыл алып жатканына нааразычылык билдиришкен. Соодагерлер эски базардан контейнерлерди жана павильондорду сатып алууга олуттуу каражат жумшашканын жана башка жерден жаңы жерлерди сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин белгилешкен.