11:33
USD 87.45
EUR 103.25
RUB 1.14

Кыргызстан -Кытай чек арасында 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында болжол менен 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 2-мартта эртең мененки саат 5:44тө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кытай менен чектеш жерде, Таш-Короо айылынан түштүк-чыгышка 34 чакырым жана Караколдон түштүк-чыгышка 120 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын калктуу конуштарында сезилген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар