2025-жылы Биринчи май райондук соту тарабынан 823 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу мекеменин актоо өкүмдөр боюнча талдоосунда айтылат.
Талдоого ылайык, 2025-жылдын 12 айында Биринчи май райондук соту тарабынан 823 кылмыш иши 1147 (1004) адамга каралып, анын ичинен 38 (35) кылмыш иши боюнча 61 (67) адамга карата актоо өкүмдөрү кабыл алынган.
Тагыраак айтканда жалпы каралган иштердин ичинен 4,6 пайызы (5%) кылмыш иш боюнча 5,3 пайызы (6,6) адамга карата каралган.
Биринчи май райондук соту тарабынан 823 (700- 12 ай 2024-ж.) кылмыш иши 1147 (1004) адамга каралып, анын ичинен 38 (35) кылмыш иши боюнча 61 (67) адамга карата актоо өкүмдөрү кабыл алынган, башкача айтканда жалпы каралган иштердин ичинен 4,6% (5%) кылмыш иш боюнча 5,3% (6,6) адамга карата каралган.
Отчеттук мезгилде кабыл алынган актоо өкүмдөрдүн ичинен 4/13 актоо жокко чыгарылган, 22/29 кароодо (18/25 БШС кароодо, 4/4 сот актысы окулууда), 12/19 күчүнө кирген (4/8 БШС, 8/11 корутунду түзүлгөн).
Көрсөтүлгөн мезгилде актоо өкүмдөрдүн ичинен 10/14 кылмыш иши боюнча айыптоо актысы Биринчи май районунун прокуратурасы тарабынан бекитилген. Ал эми 3/3 Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан жана 25/44 КР Башкы прокуруратурасы тарабынан бекитилген.
Чыгарылган актоо өкүмдөрдүн ичинен 11/23 кызматтык иштерге байланыштуу жана 7/8 адам камакта болгон.
Кабыл алынган актоо өкүмдөр боюнча кылмыш иш төмөндөгү укук коргоо органдары тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлгөн:
- КР Башкы прокуратура −1/4,
- КР ИИМ −24/35 (ИИМ-12/19, ШИИББ-2/2, РИИБ 10/14),
- КР УКМК −13/22 (ГСУ-12/21, Бишкек-1/1).
Ошондой эле, 2024-жылы жыйынтыгы чыкпай калдык болуп 24/54 иш өткөн. Анын ичинен 10/17 актоо өкүм жокко чыгарылган, 2/23 Бишкек шаардык сотунда кароодо, 12/14 күчүнө кирген (корутунду түзүлгөн 1/1).
Мисалы, 2024-ж. сентябрь айында «Интер континенталь экспорт энд логистик» ЖЧКда менеджер болуп иштеп, А.Тентикеев, У.Акимжанов менен Кытайдан кымбат баадагы автоунааларды алып келип беребиз деп жарандарды ишендирип акча каражаттарын алышып, өз кызыкчылыга коротушкан.
Аталган факты боюнча Бишкек ШИИББнын тергөө кызматы тарабынан КР КЖКнын 209-бер. 4-бөл. 1-п. менен 03-051-2025-000022 сандуу кылмыш иш козголгон.
Бишкек шаарынын прокуруратурасы тарабынан айыптоо актысы Жангелдиева Айжаркын Замировнага Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-бер. 4-бөл. 1-п. менен бекитилип, соттук кароого жибирилген
Биринчи май райондук сотунун (судья И.Керимкулов) өкүмү менен А. Жангелдиеванын кыймыл аракетинде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу акталган.
Апелляциялык сунуш келтирилип, азыркы учурда кароодо.

