2025-жылы 291 жаңы социалдык объект ишке киргизилген. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда «Ынтымак Ордодо» өтүп жаткан республикалык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылга салыштырмалуу бул 26 пайызга өсүштү, 61 объектке көбөйгөнүн билдирет.
«Объекттердин жалпы санынын 129 мектеп, 60 бала бакча, 26 саламаттыкты сактоо мекемелери, 35 маданият жана спорт мекемелери, ал эми 41 башка объекттер», — деп кошумчалады Акунбеков.

