«Кыргызстан аэропорттору» ААКсы Ташкент менен Оштун ортосунда «Centrum Air» авиакомпаниясынын жаңы пландаштырылган каттамын ачканын жарыялады.
Алгачкы каттам 1-апрелге белгиленген. Учуу узактыгы болжол менен 1 саат 10 мүнөттү түзөт.
Минималдуу билет баасы 10 850 сом болот. Бул суммага барып-келүү (эки тарап) кирет, бирок жүк акысы өзүнчө төлөнөт.
Учуулардын графиги Ташкенттеги ыңгайлуу байланыштар менен иштелип чыккан, бул Оштон келген жүргүнчүлөргө авиакомпаниянын маршруттук тармагында андан ары саякаттоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.
Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан жана башка иштеп жаткан сатуу каналдары аркылуу сатып алууга болот.

