12:24
USD 87.45
EUR 103.22
RUB 1.14

Качырып ийбе! Ишемби күнү ири планеталык парад жакындан көрүнөт

Фото Интернеттен алынды

28-февраль күнү кечинде сейрек кездешүүчү кубулуш байкалат. Асманда ири алты планета бир катарда болот. Алардын төртөө көзгө жакындан даана көрүнөт.

Бул визуалдык эффект бардык планеталардын (Жерди кошо алганда) орбиталары болжол менен бир тегиздикте, эклиптика деп аталган тегиздикте жайгашкандыктан пайда болот. Чындыгында, планеталар космосто бир катарда турбайт, бирок «парад» учурунда алар Жердеги байкоочуга карата бир катардагыдай көрүнөт.

Бул жолу парадга Меркурий, Венера, Юпитер, Сатурн, Уран жана Нептун кирет. Бул асман кубулушун 28-февралдан бир же эки күн мурун жана андан кийин байкоого болот.

 Окумуштуулардын айтымында, байкоо жүргүзүү үчүн эң жакшы убакыт — күн баткандан жарым сааттан бир саатка чейин батышты караңыз.

Меркурий, Венера, Юпитер жана Сатурнду кадимкидей эле көзгө даана байкалат.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Венера кечки асмандагы эң жаркыраган «жылдыз». Юпитер дагы бир топ жаркырап, Венеранын үстүндө жана түштүк-чыгышында жайгашкан. Сатурн күңүрт жана Венерага жакыныраак, горизонтто төмөн жайгашкан. Меркурийди байкоо эң кыйын, аны күн баткандан кийин гана кыска убакытка гана көрүүгө болот.

Эң көп окулган жаңылыктар