Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралдагы парламент жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирип, ал өз каалоосу менен кеткенин айтты.
Төрага депутат Ажибаевди Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынан бери биле турганын жана ал өз ишин так аткарып келгенин белгиледи.

