Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 26-февралдан 28-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлгөн аймактар:
- Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-265 -чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда;
- Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
- Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
- Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
- Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында;
- Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарындагы Долон ашуусунда;
- Арал — Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымдарында;
- Арал — Суусамыр жолунун 8-21-чакырымдарында;
- Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-, 260-290- жана 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусу;
- Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусу;
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

