14:28
USD 87.45
EUR 103.05
RUB 1.14

Ошто эки мектеп бузулууда. Алардын бириндеги окуучулар онлайн окутууга өттү

Ош шаарындагы бузулушу пландалган Салижан Жигитов атындагы орто мектептин окуучулары онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгы 24.kg агенттигине билдирди.

Башкармалыктын өкүлүнүн айтымында, мектепте жалпысынан 2 миңге жакын окуучу бар. Онлайн формат жайкы каникулга чейин уланат. 1-сентябрга чейин жаңы имарат бүткөрүлүп, салттуу окутуу кайрадан башталат деп күтүлүүдө.

«Михаил Ломоносов мектеби буга чейин эле кооптуу деп жарыяланган. Ал эми балдар башка жеткиликтүү жалпы билим берүү мекемесине которулган. Ал жерде эч кандай көйгөй жок», — деп белгилешти.

Мурда Ошто эки мектеп бузула баштаганы кабарланган. Алардын ордуна жаңылары курулат.

Президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылга чейин Ошто жалпысынан 10 жаңы мектеп курулат.

Эң көп окулган жаңылыктар