13:50
USD 87.45
EUR 103.28
RUB 1.14

БШК Райимберди Дүйшенбиев жана Жайлообай Нышановго депутаттык мандаттарын берди

КР Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 24-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин эки бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.

Ага ылайык, № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Райимберди Дуйшенбиев, ал эми № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жайлообай Нышанов Жогорку Кеңештин депутаттары болуп катталды.

Жаңы катталган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр жана төш белгилер тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган округдардан депутат болуп шайланган Нурланбек Тургунбек уулу жана Кундузбек Сулаймановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар