Бишкектеги № 29 мектепке Советтер Союзунун Баатыры жана акын Муса Жалилдин ысымы ыйгарылды.
Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Альберт Зулхарнеев жана Дүйнөлүк татарлар конгрессинин Улуттук кеңешинин төрагасы, вице-премьер-министр Васил Шайхразиев баштаган Татарстандан келген делегация катышты.
«Мектепке уникалдуу адамдын — акын жана педагог Муса Жалилдин ысымы ыйгарылды. Ал чындап эле тарыхый инсан болгон, анын маанисин биз, балким, жаңыдан гана толук түшүнө баштадык. Ал согушка чейин адамдарга көптөгөн бактылуу көз ирмемдерди тартуулаган, согуш учурунда фронтто согушкан жана шейит кеткен», — деди Альберт Зулхарнеев.
Эске салсак, Муса Жалил — советтик акын жана коомдук ишмер. Согуш учурунда туткунга түшүп, антифашисттик ишмердүүлүгү үчүн 1944-жылы өлүм жазасына тартылган. Анын түрмөдө жазган «Моабит дептери» ырлар жыйнагы эрдиктин символу болуп калган. Быйыл акындын туулган күнүнүн 120 жылдыгы белгиленүүдө.

