Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызын берди. Бул тууралуу БШКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, БШК бүгүн, 23-февралда депутатты мандатынан ажыратуу маселесин карайт.
Буга чейин Кундузбек Сулайманов да «Мекенчил» тобунун лидерлигинен өз ыктыяры менен кеткен.

