2025-жылы Кыргызстандын Акыйкатчы институтуна 9 миң 672 адам кайрылган. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык-экономикалык укуктардын бузулушу боюнча 324 арыз түшкөн. Алардын ичинен 95 даттануу билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселелерине байланыштуу болгон.
Ошондой эле жарандар эмгек жана турак жай укуктарынын бузулушуна даттанып, социалдык жардам алууга жардам сурап, жана мүлккө болгон укуктарын коргоп берүүнү өтүнүшкөн.
Калктын аялуу катмарын коргоо
Акыйкатчы институ аялдардын, балдардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарынын бузулушуна өзгөчө көңүл буруп келет. Бир жылда Акыйкатчыга 49 аял укугун коргоп берүүнү өтүнгөн. Алардын ичинен 29у үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандыгын айтышкан.
Балдардын укуктарынын бузулушу боюнча 36 арыз келип түшкөн. 56 жаран Акыйкатчыдан алимент өндүрүүгө көмөк сураган.
Жарандар мындан сырткары, Акыйкатчыдан паспорт жана башка өздүгүн тактаган документтерди алууга дин тутуу эркиндигин коргоого жардам сурашат. 2025-жылы 12 адам институттан экстрадициялоо (жаза мөөнөтүн өз мекенинде өткөрүүгө которулуу) маселесин чечүүгө кол кабыш кылууну өтүнүшкөн.
Эл аралык кызматташтык
Акыйкатчыга чет өлкөдө жүргөн мекендештер да кайрылышат. Тактап айтканда, 2025-жылы Россиядан — 14, Өзбекстандан — 8, Казакстандан −2 жана Беларуссиядан 1 кайрылуу болгон.
Институт Кыргызстандын аймагында жүргөн чет элдик жарандардын укуктарын дагы коргойт. Бир жыл ичинде Түркия жарандарынан 3 даттануу болгон, андан тышкары, Ооганстан, Пакистан, Ливия, Чехия, Германия жана Египеттен келген адамдарга көмөк көрсөтүлгөн.
Мониторинг жана жооп кайтаруу
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери жалпы 811 мониторинг жүргүзүшкөн.
Алардын ичинен:
- 328 эркиндигинен ажыратылган жайларда,
- 90 аскер бөлүктөрүндө,
- 48 социалдык стационардык мекемелерде,
- 133 билим берүү мекемелеринде,
- 54 саламаттык сактоо уюмдарында өткөрүлгөн.
Жарандардын кайрылууларынын негизинде мамлекеттик органдарга 141 көңүл буруу акты жөнөтүлүп, алардын 122си аткарылган.
Көңүл буруу актыларынын негизги бөлүгү саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелерине, укук коргоо органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына багытталган.
Анын жыйынтыгында мыйзам бузууларга жол берген 109 мамлекеттик кызматкерге тартиптик чара көрүлгөн, анын 15и укук коргоо органдарынын кызматкери.

