Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевге катуу эскертүү берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Ош» базарындагы сатуучулар менен жолугушууда президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев эмоцияга алдырган сүйлөшүү жүргүзгөнү үчүн президент Садыр Жапаров тарабынан катуу эскертүү алды.
Мамлекет башчысы калк менен баарлашууда адептүүлүк, сабырдуулук жана маданият сакталууга тийиш экенин белгилеп, бардык мамлекеттик кызматкерлерге эл менен туура диалог жүргүзүүнү тапшырды", — деп жазды ал.

