Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумуш сапары аяктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин (World Governments Summit) ачылыш аземине катышты.
Саммиттин алкагында биринчи жолу «Кыргызстандын экономикалык өсүшү «Ак илбирстин» моделинде: өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар» аттуу кошумча иш-чара өткөрүлдү. Кошумча иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, БАЭнин Энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи, Эмираттардын жана чет элдик уюмдардын ошондой эле бизнес компаниялардын жетекчилери жана башка өкүлдөр катышты.
Саммиттин алкагында Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан БАЭнин Министрлер Кабинетинин иштер боюнча министри, Дүйнөлүк өкмөттөр саммити уюмунун Төргасы Мохаммед Абдулла Аль Гергавиге Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы жана Кыргыз Республикасында «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн «Достук» орденин тапшырды.
Ошондой эле МинКаб Төрагасы «Epos» маркасы менен бөтөлкөдө суу чыгарган «Epos Water Production LLC» ишканасында болду. Белгилей кетсек, ишкананы Кыргыз Республикасынын жарандары негиздеген.

