Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунун суу чарба департаментинин кызматкери коррупцияга жана мамлекеттик мүлктү уурдоого шектелип кармалганын билдирди.
Коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, О.С.М. Ак-Суу райондук суу чарба департаментинин башчысы болуп иштеп турганда 2018-2025-жылдар аралыгында компаниянын экскаваторун жеке адамдарга мыйзамсыз ижарага берип, түшкөн каражатты туура эмес пайдаланган.
Мындан улам, суу чарба башкармалыгынын мурдагы жетекчиси О.С. Каракол шаарындагы тергөө абагына камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

