Агартуу министрлиги Жети-Өгүз районунун Чырак айылындагы Т.Акун атындагы жалпы билим берүү мектебинде орун алган окуя боюнча териштирүү баштады. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы билим берүү мектебинин дене тарбия мугалими окуучуларга кол көтөргөн.
"Бул көрүнүш балдарга карата жасалган зомбулук катары бааланып, педагогикалык кызматкер тарабынан кесиптик этиканын одоно түрдө бузулгандыгын айгинелейт.Агартуу министрлиги Ички иштер министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иш-чараларды дароо баштаган. Учурда териштирүү иштери улантылууда",-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда мугалим балдарды уруп жаткан видео тараган.

