13:54
USD 87.45
EUR 103.64
RUB 1.14

Камбарата ГЭС-1 жана инвестиция: Амангелдиев америкалык инвесторлорго жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев америкалык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулады.

Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, жыйындын жүрүшүндө төраганын биринчи орун басары Кыргызстанда ири инфраструктуралык, энергетикалык, өнөр жай тармагындагы долбоорлор жигердүү ишке ашырылып жатканын белгиледи. Андай долбоорлор, туруктуу экономикалык өсүштүн узак мөөнөттүү булактарын түзүп, өлкөнүн структуралык жаңылануусуна өбөлгө түзөт.

Данияр Амангелдиев аймактагы эң ири демилге катары Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун маанисин өзгөчө белгиледи. Ал белгилегендей, бул долбоор энергетикалык коопсуздукка, өнөр жайды өнүктүрүүгө, электр энергиясын экспорттоону кеңейтүүгө ишенимдүү пайдубал түзөт.

Төраганын биринчи орун басары ошондой эле бул стратегиялык долбоорлор аймактын экономикалык географиясын өзгөртүп, эл аралык бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи.

Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун тастыктоо катары Данияр Амангелдиев 2025-жылы Standard & Poor’s Global Ratings эл аралык рейтинг агенттиги Кыргыз Республикасынын суверендүү кредиттик рейтингин B+ деңгээлинде, «Туруктуу» прогноз менен тастыктаганын билдирди. Бул, структуралык реформалардын натыйжаларынын маанилүү тастыктоосу жана эл аралык инвесторлордун ишениминин жогорулашы катары кызмат кылат.

Төраганын биринчи орун басары ошондой эле мамлекеттин салык саясаты максаттуу түрдө инвесторлорду жана бизнес секторун стимулдаштырууга жана колдоого багытталганын белгиледи.

"Министрлер кабинетинин негизги максаты — аймактагы узак мөөнөттүү инвестициялык жана технологиялык өнөктөштүк үчүн Кыргызстанда ишенимдүү, ачык-айкын жана атаандаштыкка жөндөмдүү юрисдикцияны түзүү, — деп белгиледи ал.

Жолугушуунун соңунда төраганын биринчи орун басары диалог жаңы долбоорлорго, технологиялык кызматташууга, Кыргыз Республикасы менен америкалык компаниялардын ортосундагы узак мөөнөттүү экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө негиз болоруна ишенимин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар
3-февраль, шейшемби