13:13
USD 87.45
EUR 103.64
RUB 1.14

Кыргызстанда чакан жана орто ишкердикти колдоо консорциуму түзүлдү

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциумун түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын, билим берүү мекемелеринин жана эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракеттерин консолидациялоо, ишкердикти колдоо саясатынын натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында, КР Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

  • Кыргызстанда чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциуму 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
  • Кыргызстанда чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциуму жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  • Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда аталган консорциумдун катчылыгы болуп аныкталсын.

Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) аталган консорциумдун уюштуруучулар кеңеши Кыргызстанда чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана артыкчылыктарын түзөт, анын чакан жана орто ишкердикти колдоо чөйрөсүндөгү чечимдери консорциумдун катышуучулары жана мамлекеттик органдар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат;

2) мамлекеттик органдар Экономика жана коммерция министрлигине чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле иштин тиешелүү багыттары боюнча аны менен артыкчылыктуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

5. Экономика жана коммерция министрлиги:

1) консорциумдун катышуучуларынын ишин координациялоону жана анын чечимдеринин аткарылышына мониторингди жүргүзсүн;

2) ушул жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

6. Министрлер кабинети 2026-жылдын экинчи кварталы башталганга чейин ишкердик иштин бардык чөйрөлөрүн комплекстүү өнүктүрүүнү, анын ичинде төмөнкүлөрдү караган 2030-жылга чейин Кыргызстанда чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитсин:

1) ишкерлердин жаңы муунун калыптандыруунун жана өлкөнүн инновациялык потенциалын ачуунун негизи катары жаштар ишкердигин өнүктүрүүнү жана колдоону;

2) аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алардын бизнес-процесстерге катышуусун жогорулатуу максатында аялдардын ишкердигин илгерилетүүнү;

3) коомдук маанилүү милдеттерди чечүүгө жана калктын социалдык аялуу катмары үчүн туруктуу жумуш орундарын түзүүгө багытталган социалдык ишкердикке дем берүүнү;

4) региондук ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү;

5) өндүрүштүк кооперацияны, технологиялык интеграцияны жана тармактардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган кластердик өнүгүүнү түзүүнү жана колдоону;

6) улуттук экономиканын инновациялык, экспортко багытталган жана маданий маанилүү өсүшүнө өбөлгө түзүүчү креативдүү экономиканы өнүктүрүүнү.

7.Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8.Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар
3-февраль, шейшемби