17-январда жаран Б.К. белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранып, жазуу жүзүндө арыз менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. 17-январда саат 23:30 чамасында Зеленая көчөсүндөгү жеке үйдүн жанында токтоп турган анын Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаасы мыйзамсыз алынып кеткен. Ууру белгисиз тарапка качып кеткенин Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Унаа уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Тергөө учурунда ал уурулуктан кийин унаасын калтырган жери Чоң Чүй каналынын боюн көрсөткөн.

