Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде автомектептерди мамлекеттик башкарууга өткөрүү чечимин коррупциялык схемаларды токтотуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу зарылдыгы менен түшүндүрдү. Президенттин айтымында, мурдагы система жол кырсыктарынын өсүшүнө жана адам өмүрүнүн кыйылышына түздөн-түз таасир эткен.
Маекти төмөндө толук беребиз:
Учурда жеке автомектептер жабылып, алардын ордуна мамлекеттик автомектептер түзүлүп жатканы коомчулукта талкуу жаратты. Бул кадамга баруунун негизги себеби эмнеде?
— Саламатчылык. Бул тармакты иреттегиле деп тапшырма бергем. Реформалоо иштери жүрүп жатат. Союз тарагандан бери айдоочуларды даярдоо жана унаа каттоо тармагында олуттуу реформа жүргүзүлгөн эмес экен. Бул система алгач ИИМдин, кийин Каттоо кызматынын карамагында болду. Бирок, орган кимге карабасын, тилекке каршы, тармак толугу менен коррупцияга батып калган. Канча жетекчи алмашса да, ачыгын айтканда, дээрлик баары коррупциялык схемаларга аралашкан.
Биз реформаны баштаганда эң биринчи мамлекеттик номерлерди, айдоочулук күбөлүктөрдү жана техпаспортторду өзүбүз чыгара баштадык. Буга чейин мунун баарын башка өлкөлөрдөн сатып алчубуз. Ошондо дагы «ай колуңардан келбейт» деп сын айткандар болгон, бирок ишке ашырдык. Азыр бардык маалыматтар бирдиктүү базага киргизилип, система толугу менен санариптештирилди. Көп иштер аткарылды. Эми бул чынжырда автомектептер гана калды.
— Жеке автомектептерди жаппай эле реформа кылса болот беле?
— Жеке автомектептердин басымдуу бөлүгү айдоочуну сапаттуу даярдоого кызыкдар болгон эмес. Алардын негизги максаты — акча табуу. Жарандарыбыз автомектептерге документин тапшырып коюп эле, убактысы келгенде окуду деген сертификатка ээ болуп, андан ары «Унаага» барып, экзаменден өтпөсө деле айдоочулук күбөлүк алып жүрүшкөн.
Бул жерде айдоочулук күбөлүктү берген «Унаа» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте коррупциялык схемалар иштеген. Мурда билесиздер, айдоочулук күбөлүктү алуудагы практикалык сыноолордон, теориялык экзаменден эч ким кулабай эле оңой алышчу. Себеби, жең ичинен акча берип сатып алып жүрүшкөн. Азыр «Унаа» мамлекеттик ишканасын иреттеп, катуу көзөмөлгө алдык эле, жеке автомектептердин бүтүрүүчүлөрү келип бир нече жолу экзамен тапшырып өтө албай жүрүшөт. Алды 10-15 жолудан тапшырып, кайра кулаган фактылар бар. Эмне себептен? Себеби, жетиштүү билим берип үйрөткөн эмес, кызыкдар дагы эмес болушкан. Жеке автомектептерге кардарлардын көп болушу гана маанилүү болгон. Азыр арабызда, колунда айдоочулук күбөлүгү бар, бирок унаа башкара албаган, «унаа алсам үйрөнүп кетем» деп жүргөн жаштарыбыз толтура.
— Жол кырсыктарынын көбөйүшү да ушул маселеге байланыштуубу?
— Эми кырсыктын ар кандай себептери бар, ал айттырып келбейт экен. Бирок, негизги себептери — айдоочулукка даярдоонун жана окутуунун талабы төмөн болгондуктан деп айтсам болот. Кыргызстанда жол кырсыгынан жылына 900дөн ашык адам каза болот, айрым жылдары бул көрсөткүч миңден да ашып кетүүдө. Бул өтө чоң кайгы. Согушта да мынчалык адам курман болбойт. Ал эми биз жол кырсыктарынан эле жүздөгөн адамдарды жоготуп алып жатабыз. Ошол кырсыктардын негизги себептеринин бири — айдоочулукка даярдоодогу коррупция, күбөлүктү сатып алуу, сапатсыз билим берүү, жоопкерчиликсиз мамиле. Бул фактыларды моюнга алышыбыз керек.
— Мамлекеттик автомектептердин артыкчылыгы эмнеде болот?
— Мамлекеттик автомектептерде керектүү шарттар түзүлдү. Заманбап окуу базасы, жаңыланган техника, квалификациялуу адистер болот. Окуу китептерин дагы өзүбүз басып чыгарып жатабыз. Айдоочулар жөн гана рулду башкарууну эмес, унаанын тетиктеринен тартып, техникалык түшүнүккө, жол эрежелерине жана эң негизгиси — жолдо жүрүү маданиятына чейин толук даярдыктан өтөт. Бул жерде киреше эмес, адам өмүрү биринчи орунда турат. Мамлекет үчүн эң башкысы — жарандардын коопсуздугу.
— Жеке автомектеп ээлери «биздин бизнес жабылып жатат» деп нааразы болууда. Аларга эмне деп жооп берет элеңиз?
— Биз аларга алдын ала эле эскерткенбиз. 2026-жылдан кийин жеке мектептерге лицензиялар токтотуларын, бул тармакты реформа кылыш керектигин айтканбыз. Бирок көпчүлүгү баягы эле жол менен иштей берди. Алар үчүн керек болсо 10 күн окутуп, сертификат бере калуу пайдалуу. Анткени чөнтөктөрүнө акча түшүп турат, ал эми айдоочуну даярдоо жоопкерчилиги экинчи планда калган. Мындай жоопкерчиликсиз мамиле менен бул тармакты калтырууга болбойт. Бирок, жеке автомектептерде иштеген адистерди жумушсуз калтырбайбыз, аларды мамлекеттик автомектептерге жумушка кабыл алабыз.
— Окутуу мөөнөтү боюнча дагы нааразылар бар, 10 ай узак деп айтып жатышат.
— Жеке бизнестерин сактап калуу үмүтү менен ар кандай маалыматтарды таратып жатышат. «Баасы кымбат болот имиш, 10 ай окутуу деген өтө узак» деген манипуляцияларды уюштуруп жатышат. Баасы анча деле кымбат болбойт, азыр санап жатышат. Жүз миң экен, жүз элүү миң экен деген маалыматтар болбогон сөз. Ал эми рулга отурган адам — жанына эң жакын, эң кымбат адамдарын салып жүрөт. Ата-энесин, үй-бүлөсүн, балдарын. Медер сага дагы суроо берейин, уулуңду же кызыңды даярдыгы жок адамды рулга отургузуп, сапарга чыгарат белең?
— Жок, андай кылмак эмесмин.
— Көрдүңбү, сенин жакындарыңдын өмүрү, коопсуздуу кандай маанилүү? А биздин жеке автомектептер бизнес кызыкчылыгын алдыга коюп, айдоочуларды даярдабай туруп колдоруна окуду деген сертификат берип келишти. Биз үчүн ар бир жарандын коопсуздугу, унаа башкаруудагы алган билим-тажрыйбасы, даярдыгы маанилүү. Айдоочулук күбөлүктү адам өмүрүндө бир эле жолу алат да. Ошондуктан кичине узагыраак окуп алсаңар өзүңөргө жакшы. Өзүңөрдүн унааңарда отурган жакындарыңардын эле эмес, башка жарандардын да коопсуздугун сактаган болосуңар. Күбөлүктү сатып алгандар түптүз кетип бара жаткан башка машинаны сүзүп кетип, башка адамдардын өмүрүн алган окуялар күндө катталып жатат.
— Айдоочулук билимди мектеп программасына дагы киргизип койсо болобу?
— Киргиздик да. Ушул жылдын сентябрь айынан баштап мектептерде жол эрежесин окутуу боюнча сабак кирет. Балдар-кыздарыбыз жол эрежелерин, жоопкерчиликти мектептен эле үйрөнүп чыгышат. Эмдиги жылдан баштап мектепти бүтүп чыккан балдар-кыздар бир күн дагы окубай туруп, түз эле экзамен тапшырганы барып, өтүп кетсе айдоочулук күбөлүк ала беришет. Азыркы ачылып жаткан мамлекеттик мектептер буга чейинки мектеп жашынан өтүп кеткендерди окутуп, айдоочулук күбөлүк берет.
Ошондуктан жалпы элге айтаарым, анча мынча жеке кызыкчылыктары үчүн элди дүрбөткүсү келип жаткандарга кошулбагыла. Бир аз убакыттан кийин баары түз жана даңгыр жолго салынып кетет. Убакыт керек.
— Маегиңизге чоң рахмат!
Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

