13:23
USD 87.45
EUR 101.67
RUB 1.12

Ашуулардагы абал айтылды: Жол ачык, каттам бар

Бүгүн, 20-январь саат 09:50гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, жети дубандагы Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлдөп, атайын кезметке туруу менен күнү-түнү тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар