09:17
USD 87.45
EUR 101.67
RUB 1.12

Дүйнөлүк хоккей чемпионаты (U-20): Кыргызстан Түштүк Африканы жеңди

Бишкек шаарында 20 жашка (U-20) чейинки спортчулар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты уланууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, экинчи турда Кыргызстан Түштүк Африкадан келген кесиптештерин 7:2 эсебинде жеңди.

Кыргызстандын курама командасы ишенимдүү оюн көрсөтүп, атаандашын жеңип, дагы 3 упайга ээ болду. Буга чейин биринчи турда кыргызстандыктар Гонконгдун курама командасын 4:1 эсебинде утуп алышкан.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
Фото Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг командалары чемпиондук наам жана 3А дивизионундагы орун үчүн ат салышууда.

Үчүнчү турдун беттештери 21-январда өтөт. Анда Кыргызстандын курама командасы Ирандын курама командасына каршы ойнойт.

Эң көп окулган жаңылыктар