16:48
USD 87.45
EUR 101.71
RUB 1.12

Эски айдоочулук күбөлүктөр кайсы мөөнөттөн кийин жараксыз болуп калаары айтылды

Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруунун мөөнөтү узарышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармакка жазды.

Ал белгилегендей, учурда эски үлгүдөгү күбөлүктөр акысыз алмаштырылып жатат. «Ага 1 ай убакыт берилди, эгер ал убакта жетишпей калгандар болсо кошумча убакыт беребиз, эч кам санабаңыздар. Элге жеңилдик болсун деп, буга чейин талап кылынып жаткан 083 медициналык справканы дагы талап кылбай турган болдук.

«Эмне үчүн алмаштыруу керек? Биринчиден, эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн жасалма түрү убагында кеңири тарап кеткен. Азыр деле Москвада жасап алып сатып жүргөндөр бар экени тууралуу маалыматтар бар. Көпчүлүгүнүн сүрөтү, жазуулары деле өчүп кетиптир. Экинчиден, экси күбөлүктү башка өлкөлөр дагы тааныбайт. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү бир нече өлкө тааныйт, колдонуп жүрө бересиздер. Жаңы берилген күбөлүктөр санариптештирилет, муну менен жасалма күбөлүк даярдоого мүмкүнчүлүк берилбейт», — деди ал.

Орунбеков толук алмаштырылып бүткөндөн кийин мурдагы эски айдоочулук күбөлүктөр жараксыз деп табыларын кошумчалады.

«Эң негизгиси акысыз жана эч кандай кошумча документтерди талап кылбай шарт түзүп берип жатабыз. Айдоочулук күбөлүктөрү санариптештирилбеген жана «Түндүк» системасында көрүнбөгөн жарандарга тиешелүү филиалдарга жеке өзү кайрылуусу зарыл. Айдоочулук күбөлүктөрү «Түндүк» системасында көрүнгөн жарандарга документтерди филиалдарга барбастан, онлайн форматта алмаштырып алсаңыздар болот», — деп жазды Орунбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар