Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагында жүргөн, аталган өлкөгө барууну же андан чыгып кетүүнү пландап жаткан Кыргызстандын жарандарына төмөндөгүнү маалымдады.
Ага ылайык, азыркы учурда эл аралык авиакомпаниялардын көпчүлүгү Иранга/Ирандан аткарылуучу каттамдарды кыскартышкан же убактылуу токтотушкан, ошондой эле учуу графигинде тез-тез өзгөрүүлөр болууда. «Эгер аба транспорту менен чыгып кетүү мүмкүн болбой калса, коңшу мамлекеттердин аймактары аркылуу кургактык жолу менен чыгуу мүмкүнчүлүгү бар», — деп айтылат маалыматта.
ТИМден белгилешкендей, Кыргызстандын жарандары үчүн Армения жана Түркиянын аймагына кирүү визасыз негизде жүзөгө ашырылат. Ал эми Түркмөнстандын аймагына кирүү үчүн кирүү жана транзиттик виза алуу боюнча жардам алуу үчүн алдын ала Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигине кайрылуу зарыл.
"Учурда Ирандын Афганстан жана Ирак менен болгон чек араларындагы өткөрмө пункттар ачык. Аталган өлкөлөргө кирүү чечими кабыл алынган учурда тиешелүү чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө алдын ала виза алуу үчүн арыз берүү зарыл.
Ошол эле учурда министрлик чыгуу үчүн альтернативдүү маршруттарды кароону сунуштайт.
Ирандын Пакистан жана Азербайжан менен болгон кургактык чек аралары учурда өтүүгө жабык.
Ирандан чыгып кетүүдө жардамга муктаж болгон Кыргызстандын жарандарына Кыргызстандын Ирандагы элчилигине же КР ТИМинин Консулдук департаментине төмөнкү маалыматтарды жөнөтүү сунушталат:
— фамилиясы, аты, атасынын аты жана байланыш маалыматтары;
— паспорттун биографиялык маалыматтар камтылган барагынын сүрөтү;
— болжолдонгон мамлекеттик чек ара өтүү пункту.
Жакын арада Иранга барууну пландап жаткан Кыргызстандын жарандарына кырдаал толук турукташканга чейин аталган өлкөгө баруудан кармануу сунушталат.
Байланыш маалыматтары:
- ТИМдин Консулдук департаменти (24 саат):+996 999 312 002, dks@mfa.gov.kg
- Ирандагы элчилиги:+98 21 2283 0354; +98 935 250 5229, kgembassy.ir@mfa.gov.kg
- Кыргызстандын Армениядагы ардактуу консулу:+374 91 919191
- Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги:+90 312 491 35 06; +90 545 689 68 00
- Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги:+993 12 48 22 95;
+993 12 48 22 96; +993 65 Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги:+93 77 909 9326; +93 77 909 9326; +93 77 654 4504 (WhatsApp) Кыргызстандын Азербайжандагы элчилиги:+994 993 312 312; +994 12 505 56 74; +994 55 75.

