Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 31-декабрындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен кийим тигүү жана текстиль өнөр жайындагы субъекттер үчүн киреше салыгынын ченемдери жана камсыздандыруу төгүмдөрү төмөндөтүлгөнүн билдирет.
Тактап айтканда, 2026-жылдын 1-январынан тартып бул ишкерлер бир кызматкер үчүн орточо айлык эмгек акынын 40 пайызынын негизинде эсептелген 12 пайызы өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмүн төлөшөт, бул 2 115,5 сомду түзөт. Ошондой эле орточо айлык эмгек акынын 1 пайызы өлчөмүндө киреше салыгы төлөнөт — 440,7 сом. Бир кызматкер үчүн жалпы төлөмдүн суммасы 2 556,2 сомду түзөт.
Белгилей кетсек, 2026-жылы орточо айлык эмгек акы 44 070 сомду түзөт.
Бул өзгөртүүлөр ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, салыктык жүктү азайтууга, салыктык башкарууну жакшыртууга, ошондой эле өндүрүштү өнүктүрүү, продукциянын ички жана тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жумуш менен камсыздоону стимулдаштыруу жана тармактын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган.

