16:48
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Мальтада каза болгон кыргызстандык боюнча ТИМ билдирүү таратты

Тышкы иштер министрлиги Мальтада кыргызстандык аялдын өлүмү боюнча билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Мальтадагы Сент-Жордж булуңунда кыргызстандык жарандын өлүмү тууралуу расмий маалымат алгандан кийин, өлкөнүн Италиядагы элчилиги маркумдун сөөгүн мекенине кайтарууга байланыштуу иштер жүргүзүлүп жатат.

«Учурда дипломатиялык миссия маркумдун сөөгүн мекенине кайтаруу, ар тараптуу консулдук жардам көрсөтүү, бардык зарыл болгон процедураларды колдоо жана кыргызстандык аялдын туугандары менен тынымсыз түз байланышты сактоо маселелерин карап чыгууну улантууда», — деп белгилешти Тышкы иштер министрлиги.

Белгилей кетсек, буга чейин Мальтада 48 жаштагы кыргызстандык аял деңизге чөгүп каза болгону тууралуу маалымат тараган.

Эң көп окулган жаңылыктар