Бүгүн, 2-январь саат 11:00 го карата, республиканын негизги ашууларда жол кыймылына эч кандай чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек—Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Барскоон—Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда күн ачык, жол ачык.
Каркол—Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда да аба ырайы ачык болуп, каттам бар.
Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн ачык, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн ачык, каттам бар.
Жол тейлөө кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштер күн сайын жүргүзүлүүдө.
Министрлик, кышкы жол шарттарын эске алып, унааңызды кышка ылайык даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөт.

