Мадриддик «Реалдын» чабуулчусу Килиан Мбаппе Чемпиондор Лигасынын 2025-жылдагы бомбардирлеринин тизмесинин сап башында турат.
Бул мезгил өткөн сезондун Чемпиондор Лигасынын экинчи жарымын жана 2025/26 өнөктүгүнүн биринчи жарымын камтыйт. Бул аралыкта 27 жаштагы чабуулчу 14 гол киргизген.
Алдыңкы үчтүккө «Интердин» чабуулчусу Лаутаро Мартинес (12 гол) жана «Бавариянын» чабуулчусу Гарри Кейн (11 гол) кирди.
1. Килиан Мбаппе («Реал Мадрид») — 14 гол
2. Лаутаро Мартинес («Интер») — 12 гол
3. Гарри Кейн («Бавария») — 11 гол
4. Серхоу Гирасси (Боруссия Дортмунд) — 10 гол
5-7. Усман Дембеле (ПСЖ) — 9 гол
5-7. Эрлинг Холанд («Манчестер Сити») — 9 гол
5-7. Виктор Осимхен («Галатасарай») — 9 гол
Белгилей кетсек, Мбаппе Чемпиондор Лигасынын быйылкы сезонунда буга чейин 9 гол киргизип, бомбардирдик жарышта алдыңкы орунда турган.
Алты турдан кийин «Арсенал» Чемпиондор Лигасынын турнирдик таблицасында алдыда келе жатат, ал эми «Реал Мадрид» жетинчи орунда.

