14:19
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Ташиевдин сынынан кийин Транспорт министри бир катар жетекчилерге сөгүш берди

Транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы астында 2025-жылдын 29-декабрында кезектеги аппараттык жыйын өттү.

Маалыматка ылайык, жыйынга министрликке караштуу түзүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана борбордук аппараттын бөлүм башчылары катышты.

«Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол автожолунун курулушунун жүрүшүнө байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары С.Т.О, Жол чарба департаментинин директору А. К.К, «Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасынын директору А.Т.Н, «Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары О.К.К сөгүш берилди.

Ведомство жетекчиси аталган жолдун курулушун Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын баса белгилеп, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, министр Сыргабаев кышкы мезгилде жолдорду тейлөө жана алардын абалын көзөмөлдөө маселесине токтолуп, тийиштүү деңгээлде иш алып бара албаган жетекчилерди кызматын тапшырууну талап кылган.

Эске сала кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин 2021-жылы башталып, бүтпөй калган 141 чакырымдык жолду оңдоо иштерин сынга алган. Жооптуу жетекчилерге жана подрядчыларга катуу эскертүүлөр берилген. Ошондой эле, ал Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунун участогундагы оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрбөгөндүгү үчүн «Кыргыз жол курулуш» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Мирлан Исагалиевди камакка алууну буйруган.

Эң көп окулган жаңылыктар