Эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты аяктап, жыйынтыгы чыгарылды. Чемпионаттын экинчи күнүндө 61, 70, 79, 92 жана 125 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өттү.
61 кг чейинки салмак ченинде:
Бекзат Алмаз уулу — «Олимп»-«Изабек»;
Өмүрбек Асан уулу — РСК;
Юхан Доктурбек уулу — «Ак-Илбирс»;
Азим Абдыкалыков — РСК.
70 кг чейинки салмак ченинде:
Залкарбек Табалдиев — РСК;
Рустам Кахаров — «Нефтчи»;
Адис Рахат уулу — РС;
Икрам Хажимурадов — Ош.
79 кг чейинки салмак ченинде:
Улукбек Асилбеков — «Тайманбас»-«Изабек»;
Жакшылык Байташов — РСК;
Байтемир Тулобердиев — РСК;
Кубат Азизбаев — «Тайманбас».
92 кг чейинки салмак ченинде:
Яков Чаплин — «Тайманбас»-«Изабек»;
Бекзат Рахимов — Ош;
Улукбек Сооронбеков — «Тайманбас»-«Изабек»;
Апаз Осконбаев — СКАФ.
125 кг чейинки салмак ченинде:
Арсланбек Турдубеков — РС;
Музафар Жаппуев — Кант;
Алисалам Эркин уулу — «Олимп»-«Изабек»;
Нурсултан Арапай уулу — Чүй.
Белгилей кетсек, эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты эки күнгө созулду. Беттештер Бишкек шаарындагы «Жаштык» аренасында өттү.

