Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев спортто жогорку натыйжаларга жетишкен спортчуларды сыйлады. Бул тууралуу КРнын Күрөш федерациясы билдирди.
Федерациянын маалыматы боюнча, сыйлык тапшыруу аземи эркин күрөш боюнча улуттук чемпионаттын финалдык этабында өттү. УКМКнын төрагасы иш-чаранын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн куттуктап, аларга спорттук ийгиликтерди каалады. Ошондой эле салтанаттуу аземдин жүрүшүндө буга чейин, дүйнөлүк аренада ийгиликтерди жараткан 6 спортчуга өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, батирлерди белекке берди.
— Айпери Медет кызына (эркин күрөш) — 3 бөлмөлүү батир;
— Асан Жанышовго (грек-рим күрөшү) — 2 бөлмөлүү батир;
— Ихтияр Нишоновго (бокс) — 1 бөлмөлүү батир;
— Омар Ливазага (бокс) — 1 бөлмөлүү батир;
— Смадияр Жумакадыровго (грек-рим күрөшү, Сурдлимпиада оюндары) — 1 бөлмөлүү батир;
— Адилет Жапаркуловго (эркин күрөш, Сурдлимпиада оюндары) — 1 бөлмөлүү батирдин документтерин тапшырды.
Улуттук чемпионат улуттук курама команданы түзүүдөгү жана эл аралык мелдештерге даярдануу үчүн балбандарды тандоодогу негизги этап болуп саналат.

