09:30
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

(U-23) Кыргызстандын жаш футболчулары жолдоштук беттеште Кытайга утулуп калды

Кыргыстандын 23 жашка чейинки футбол боюнча улуттук курама командасы жолдоштук беттеште Кытайга утулуп калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Ажмандагы (БАЭ) оюн 1:0 эсебинде атаандашынын пайдасына аяктады.

Кытай менен дагы бир беттеш 29-декабрга белгиленген.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы 6-24-январь аралыгында Сауд Арабиясында өтө турган Азия Кубогуна даярдыгын улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар