14:55
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу өчөт. Даректер

Бүгүн, 24-декабрда Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелерине, социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу өчөт

Өчүрүү аймагы:

  • «Айчүрөк» соода борбору,
  • «Берен Голд» соода борбору
  • А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры
  • "Кабар«маалымат агенттиги
  • Борбордук шайлоо комиссиясы
  • Т/ж, Шопоков көчөсү, 98а
  • Фонтандын аймагы
  • Италиянын Кыргызстандагы консулдугу

Жер алдындагы өтмөк аркылуу өткөн Д-150 мм болгон жаңы линияга туташтыруу иштери жүргүзүлөт.

«Бишкексууканал» ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар