12:21
USD 87.45
EUR 102.63
RUB 1.09

2025-жылы Транспорт министрлиги жолдорду асфальттоо планын ашыра аткарды

Транспорт жана коммуникация министрлиги стратегиялык, улуттук жана жергиликтүү автомобиль жолдорун, ошондой эле эл аралык транспорттук коридорлорду оңдоого жана курууга көңүл буруп, быйылкы жылы максаттарына жетишип, пландалган көрсөткүчтөрүн бир топ ашыра аткарды.

Акыркы беш жылдагы жолдорду асфальттоо көрсөткүчтөрү:

  • 2021 — 175 чакырым;
  • 2022 — 488,4 чакырым;
  • 2023 — 673,8 чакырым;
  • 2024 — 802 чакырым;
  • 2025 — 1545 чакырым (максат: 1000).

Министрлик жолдордун бул жогорку көрсөткүчтөрү өлкө жетекчилигинин ар тараптуу колдоосунун аркасында мүмкүн болгонун белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар