ФИФАнын рейтингинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 104-орунда турат. Жаңыланган тизме эл аралык федерациянын веб-сайтында жарыяланды.
Рейтингге 210 команда кирет. Алдыңкы бештикке Аргентина, Испания, Франция, Англия жана Бразилия кирет.
Улуттук команда Азия футбол конфедерациясы(АФК) зонасында 18-орунда турат.
ФИФАнын рейтингинде Кыргызстандын аялдар курама командасы 142-орунда турат.

