Бүгүн саат 09:30га карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Бишкек — Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусуна 21-декабрь саат 18:40тан тарта оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө бүгүн саат 08:40та алынды.
Ал эми 19-декабрдан 22-декабрга чейин Каракол — Эӊилчек унаа жолунун 38-112-чакырымдар аралыгына унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөө алына элек. Азыркы тапта күн бүркөк, Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан кардан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери жүрүүдө.
Ошондой эле Казарман — Акталчат жолундагы Кара-Гөө ашуусу аба-ырайы турукташканга чейин убактылуу жабык. Жарандар үчүн альтернативдүү каттам.
Белгилей кетсек, аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, күнү-түнү кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылып жатат.

