Түркиянын Turkish Airlines авиакомпаниясы Кыргызстанга каттамдардын санын көбөйтөт. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов менен Turkish Airlines авиакомпаниясынын башкармалыгынын төрагасы Билал Экшинин Стамбулдагы жолугушуусу учурунда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, тараптар улуттук авиакомпания «Асман аба жолдору» менен «Түрк аба жолдорунун» ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулашты.
Turkish Airlines «Манас» эл аралык аэропортунда техникалык конуу менен аткарылуучу каттамдарды кошо алганда, жүк жана жүргүнчү ташуучу каттамдардын санын көбөйтүү ниетин тастыктады.

