17:05
USD 87.45
EUR 102.48
RUB 1.10

Кайыр суроо жана балдар эмгегине каршы күрөшүү. Бишкекте рейддер өткөрүлдү

Бир жумадан бери Бишкектин Биринчи май районунда жашы жете электердин кылмыштуулугун, балдардын кароосуз калышын алдын алуу жана кайыр сураган балдарды аныктоо максатында беш жолу рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддер күндүз жана түнкүсүн уюштурулду. Түнкү рейддер Ала-Тоо аянтында өттү. Күндүзгүлөрү район боюнча, анын ичинде Кудайберген жана Сары-Өзөн базарларында, ошондой эле эл көп топтолгон жерлерде, жер астындагы өтмөктөрдө жана соода борборлорунун жанында өткөрүлдү.

Рейддерге социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкармалыгынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жашы жете электерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардын коопсуздугу, укуктарын коргоо жана балдарды мыйзамсыз эмгек ишмердигине тартууга жол бербөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мэрия бул багытта дагы иштер улантыларын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар